Биринчи Май планетаны басып баратат — ИА Караван Инфо
Биринчи Май планетаны басып баратат

1-май  бул кандай майрам?

Биринчи Май Россия империясында 1890-жылы Варшавада, 1891-жылы борбор калаа Санкт-Петербургда майрамдалган. Бул майрам, 1886-жылдын 1-майында Чикаго жумушчуларынын сүйлөгөн сөзүнүн элесине арналып, 1889-жылы июлда  II -Интернационалдын Париж конгресси тарабынан  бекитилген.

СССРдин убагында  жашагандардын көбү майрамдын түпкү аталышын – «Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү»  деп дагы деле эстешет. Советтер Союзунда майрам көп учурда жөн гана сан менен аталчу — 1-май, ал революциянын, элдешкис таптык күрөштүн символу болгон жана «саясий өң-түс» болгон. Саясий ишмерлердин, өндуруштун алдыңкыларынын портреттери, эл чарбасынын, илимдин жана маданияттын тигил же бул тармагындагы жетишкендиктери жөнүндөгү ураандар, кайрылуулар, плакаттар жана диаграммалар менен кооздолгон демонстрациялар менен белгиленген. Бирок бара-бара бул контекст жоголду.

Бүгүн Россия Федерациясында бул майрам өзүнүн саясий маанисин жоготту, ал Жаз жана Эмгек күнү деген ат менен белгиленип, дем алыш күнү болуп саналат. Расмий түрдө бул күн Россия Федерациясынын 2001-жылдын 30-декабрындагы Эмгек кодексинин 112-беренесинде бекитилген.

1-Май майрамы азыр да бүткүл дүйнө жүзүндө белгиленип келет, бирок ар бир өлкөнүн өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Казакстанда жана Шериктештиктин башка өлкөлөрүндө майрам идеологиялык маанисин жоготкон.

Казакстанда 1-май Казакстан элдеринин биримдигинин күнү, Орусия менен Тажикстанда жаз жана эмгек майрамы, ал эми Белоруссия, Кыргызстан жана Кытайда жөн эле “Эмгек күнү” деп аталат.

Бул Май күнү кандай аталбасын — Эмгекчилердин тилектештик күнү же Жаз жана Эмгек майрамы, көпчүлүк үчүн 1-май салттуу түрдө жаздын кайра жаралышын жана келишин билдирет.

Планетадагы бардык адамдардын тилектештигинин жана достугунун символу болгон күндө, мен сиздерге жазгы жылуулукту, шыктанууну, бардык аракеттериңизге чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.

Биринчи Май планетаны басып өтсүн! Буткул дуйнөдө Жаз жана Эмгек, Тынчтык жана Биримдик гулдой берсин!

error: