Ош: Монуев көчөсүндөгү жумуштар күчөтүлөт – ИА Караван Инфо
Ош: Монуев көчөсүндөгү жумуштар күчөтүлөт

Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов Ы.Монуев көчөсүндө жүрүп жаткан жумуштар жана унаа кыймылына байланышкан суроолоруна жооп берип, шаарга кирүүчү кошумча жолдор боюнча маалыматтарды берди.

Мэрдин орун басары аталган көчөдө эки айдын ичинде, күнү-түнү жер астынан газ, суу түтүктөрүн алмаштыруу, көчүрүү, тирөөч дубалдарды куруу жана ушул сыяктуу зарыл болгон жумуштардын бардыгы аткарыларын билдирди.

Ушул тапта А.Масалиев менен Увам көчөлөрүнүн ортосундагы жолдун бир бөлүгү убактылуу жабык.

Жол тыгынын азайтуу үчүн Ы.Монуев көчөсүнөн А.Алимжанов көчөсүнө чейин («Азия» супермаркетин көздөй) жолдун бир тарабы унаа кыймылы үчүн ачылган.

Ош-Алай багыты боюнча шаардан чыгуу үчүн Ы. Монуев көчөсүнөн Тажик, Увам, Мадумаров, Абдуллаев көчөлөрүнө кошумча ички жолдор бар.

Ош-Өзгөн багыты боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн айланма жолу аркылуу өтүү сунушталат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: