Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги Starlink компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар спутниктик интернетти киргизүү жана анын иштеши үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу маселесин талкуулашты. Starlink өкүлдөрү дүйнөдө жана КМШ өлкөлөрүндө ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу айтып, мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү жана мүмкүн болгон чечимдерди талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар республиканын аймагында аны ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун баалоо максатында спутниктик интернеттин тесттик долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү макулдашышты.
Кызматташтыктын ийгиликтүү өнүгүшүнө ишеним билдирилип, өз ара пайдалуу максаттарга жетүү үчүн колдоо көрсөтүүгө даяр экени ырасталды.
Сүрөт: расмий Starlink сайты