Казакстандын Өкмөтү “Карызсыз коом” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыкты — ИА Караван Инфо
Казакстандын Өкмөтү “Карызсыз коом” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыкты

Казакстан Республикасынын Өкмөтү жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча «Карызсыз коом» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн карады.

«Долбоордун пайдалуулугун бардыгы түшүнүшөт. Аны сапаттуу ишке ашыруу борбордук жана жергиликтуу мамлекеттик органдардын жалпы милдети. Бардык жооптуу бөлүмдөр окуу куралдарын иштеп чыгууга жана долбоорду жайылтууга активдүү катышуулары керек. Ошондой эле айылдардын, кичи жана моношаарлардын жашоочуларын ишкердикке тартуу боюнча колдоо куралдарын кеңейтүү зарыл. Бул үчүн зарыл ресурстар бар”, — деп белгиледи Казакстан Республикасынын вице-премьер-министри – Улуттук экономика министри Нурлан Байбазаров.

Бул демилге 2023-жылдын май айында Казакстандын 8 облусунда, анын ичинде Астана, Алматы жана Шымкентте көтөрүлгөн. Аны ишке ашыруунун алкагында квалификациялуу финансылык-укуктук жардам көрсөтүлүп, жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп, банктык кредиттер жана микрокредиттер боюнча көйгөйлүү карыздарды чечүүгө көмөк көрсөтүлүүдө.

Долбоорду ишке ашырууга 11 мамлекеттик орган, 12 банк, Казакстандын Финансисттер ассоциациясы жана Казакстандын Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы катышууда.

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев элине кайрылуусунда “Карыз коом” долбоорунун масштабын кеңейтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Долбоордун алкагында 2024-жылы эле 43 миң адам окутулган, алардын 81 пайызы айыл жана айыл округдарынын тургундары болгон.

error: