Тажикстан менен Өзбекстандын айыл чарба кызматтарынын биргелешкен борборунун ачылышынын аркасында Согди облусунун дыйкандары айыл чарба адистеринен бекер кеңеш алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Борбор өз ишин Ходжент шаарында, Согди облусунун айыл чарба башкармалыгынын имаратында баштады.

Бул жерде тажик жана өзбек окумуштуулары жана адистери дыйкандарга жерди эффективдүү пайдалануу боюнча ар түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн ыкмаларын үйрөтүшүүдө. Согди облусунун айыл чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдуазиз Махмудзода белгилегендей, борбордун ачылышында эки өлкөнүн окумуштуулары жана агрономдору катышкан окуу конференциясы өткөн.
Бул биргелешкен айыл чарба тейлөө борбору дыйкандарга керектүү айыл чарба шаймандарын, минералдык жана биологиялык жер семирткичтерди берүү аркылуу колдоо көрсөтөт.
Белгилей кетсек, борбор түзүү идеясы Тажикстан менен Өзбекстандын президенттери Эмомали Рахмон менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусунда талкууланган.