26-апрелде Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон расмий иш сапары менен Ватиканда болду. Жогорку даражалуу мейманды тосуп алуу учун Сан-Дамасонун короосунда ардактуу караул тузулду.
Ыйык Тактын имаратында Эмомали Рахмонду Рим папасы Франциск жылуу тосуп алды. Жолугушууда тараптар жемиштүү кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун катышуучулары Тажикстанда толеранттуулук жана түрдүү диндердин жанаша жашоосу үчүн бардык шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Илимий жана адабий өнүгүүнүн аркасында дүйнөлүк цивилизацияга салым кошкон тажик эли диндер аралык диалогду ачык колдойт.
Жемиштүү сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар белектерин алмашып, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Рим папасы Францисктин жана Тажикстан Республикасынын расмий делегациясынын катышуусунда сүрөткө түшүү аземине өтүштү.
Сүрөт: Татарстан Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы