«Кыргызалтында» Citi эл аралык банкынын делегациясы менен жолугушуу болуп өттү
«Кыргызалтын» ААКсында 5-ноябрда Citi эл аралык банкынын делегациясы менен жолугушуу өттү.
Тараптар баалуу металлдарды экспорттоо, инвестицияларды тартуу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты, ошондой эле IPOго чыгуу пландарына консультациялык колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.
Маалымат үчүн: Эл аралык банк Citi 1812-жылы Нью-Йоркто негизделген. Бул Citigroup каржы корпорациясынын бөлүмү, чекене жана корпоративдик банкинг, кредиттөө, инвестицияларды жана активдерди башкарууну камтыган финансылык кызматтардын кеңири спектрин көрсөтөт. Банк дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө өкүлчүлүгү бар.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
