Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен беш жаштагы бала изделүүдө - ИА Караван Инфо
Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен беш жаштагы бала изделүүдө

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына беш жаштагы бала түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Жаңы-Маала айылынын тургуну 2019-жылы туулган С.И. аттуу жаш бала ойноп жатып сууга түшүп кеткен. Кырсык 9-ноябрда болгон. 

Окуя тууралуу маалымат 112 кызматына 10-ноябрда түшкөн. Мындан улам ИИМ кызматкерлерине көмөктөшүүгө Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу токтотулду, натыйжа болгон жок. Издөө эртең улантылат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: