Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен беш жаштагы бала изделүүдө
Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына беш жаштагы бала түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жаңы-Маала айылынын тургуну 2019-жылы туулган С.И. аттуу жаш бала ойноп жатып сууга түшүп кеткен. Кырсык 9-ноябрда болгон.
Окуя тууралуу маалымат 112 кызматына 10-ноябрда түшкөн. Мындан улам ИИМ кызматкерлерине көмөктөшүүгө Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.
Издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу токтотулду, натыйжа болгон жок. Издөө эртең улантылат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
