Базар-Коргон районунда жаңы аймактык оорукананын имараты ачылды
Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынын Ооган-Талаа айылында жаңы аймактык оорукананын имараты ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Оорукананын курулушу 2018-жылдын октябрында башталган. Жалпы 60 орундуу медициналык мекеме республикалык бюджеттен каржыланып, ага 113 млн 641 миң сом акча каражаты жумшалган.
Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынын Ооган-Талаа айылында 8 миң 582 калк жашайт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
