Базар-Коргон районунда жаңы аймактык оорукананын имараты ачылды - ИА Караван Инфо
Базар-Коргон районунда жаңы аймактык оорукананын имараты ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынын Ооган-Талаа айылында жаңы аймактык оорукананын имараты ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Оорукананын курулушу 2018-жылдын октябрында башталган. Жалпы 60 орундуу медициналык мекеме республикалык бюджеттен каржыланып, ага 113 млн 641 миң сом акча каражаты жумшалган.

Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынын Ооган-Талаа айылында 8 миң 582 калк жашайт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: