Алдын ала маалыматтар боюнча, май айында Казакстандын Улуттук фондунан республикалык бюджетке трансферттерди камсыздоо үчүн 750 миллион доллардан 850 миллион долларга чейин сатуу пландалып жатканын Улуттук банк билдирди. Бул валютаны теңгеге алмаштыруу аркылуу мамлекеттик керектөөлөрдү каржылоо стратегиясынын уландысы.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Улуттук фонддон 1 миллиард долларга жакын сатылган, бул Казакстандын фондулук биржасында бир айлык соода көлөмүнүн 21 пайызын же күнүнө 48 миллион долларды түздү.
«Улуттук фонддун каражаттары менен операцияларды жүргүзүүдө биз рыноктук бейтараптуулук принцибин сактайбыз, ал чет өлкө валютасын үзгүлтүксүз жана бирдей сатууну билдирет Борбордук банк түшүндүрдү.
Кошумчалай кетсек, май айында Казакстандын Улуттук банкы Бирдиктүү топтоо пенсиялык фондундагы пенсиялык активдердин валюталык үлүшүн 30 пайыз деңгээлинде кармап туруу үчүн 450дөн 500 миллион долларга чейин сатып алууну пландаштырууда. Ушул эле максатта ушул жылдын апрель айында Улуттук банк биржа соодасынан 500 миллион доллар сатып алган.
Сүрөт: Tengrinews.kz/Турар Казангапов
