Жалал-Абадда жер көчкү түштү - ИА Караван Инфо
Жалал-Абадда жер көчкү түштү

Алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек айыл аймагынын Жол-Сай айылынын Мазар тилкесинде жер көчкү түшкөн. 

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя бүгүн, 21-ноябрда болгон. 

Жерине барган адистердин маалыматына караганда, жар көчүп түшкөн.

Көчкүнүн көлөмү болжол менен 600 метр кубду түзүп, унаа жолуна жеткен. Айыл элине, турак жайларга, мал-мүлккө зыяны тийген эмес.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: