Жалал-Абадда жер көчкү түштү
Алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек айыл аймагынын Жол-Сай айылынын Мазар тилкесинде жер көчкү түшкөн.
ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя бүгүн, 21-ноябрда болгон.
Жерине барган адистердин маалыматына караганда, жар көчүп түшкөн.
Көчкүнүн көлөмү болжол менен 600 метр кубду түзүп, унаа жолуна жеткен. Айыл элине, турак жайларга, мал-мүлккө зыяны тийген эмес.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
