Жалал-Абад эл аралык аэропортунун курулушу 2025-жылдын январында башталат - ИА Караван Инфо
Жалал-Абад эл аралык аэропортунун курулушу 2025-жылдын январында башталат

Жалал-Абад эл аралык аэропортунун курулушу 2025-жылдын январында башталат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда облус башчысы Тилек Текебаев Кытайдын “Чайна стейт констракшн энджиниринг” компаниясынын башкы директору Лю Дун менен жолугуп, аэропортту куруу боюнча макулдашууга кол коюшту. 

“Тараптардын макулдашуусуна ылайык, аэропорттун курулушун баштоо 2025-жылдын январь айына пландалган. Ага карата Жалал-Абад облусунун Сузак жана Жалал-Абад шаарынын аймагынан 360 гектар жер аянты ажыратылып берилген”, – деп айтылат билдирүүдө. 

Белгилей кетсек, аймактагы жарандык авиацияны өнүктүрүү максатында министрлер кабинетинин төрагасынын ушул жылдын 20-ноябрында атайын тескемеси чыккан.

Облус башчысы бул ири долбоордун ишке ашуусу менен Жалал-Абад облусунун калкынын түйшүгү жеңилдеп, ички жана сырткы каттам жакшыраарын белгиледи.

Ага катар кыргыз-кытай алакаларынын өсүүсү, экономикалык байланыштарды бекемдэрин кошумчалады.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: