Жалал-Абад эл аралык аэропортунун курулушу 2025-жылдын январында башталат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 23-ноябрда облус башчысы Тилек Текебаев Кытайдын “Чайна стейт констракшн энджиниринг” компаниясынын башкы директору Лю Дун менен жолугуп, аэропортту куруу боюнча макулдашууга кол коюшту.
“Тараптардын макулдашуусуна ылайык, аэропорттун курулушун баштоо 2025-жылдын январь айына пландалган. Ага карата Жалал-Абад облусунун Сузак жана Жалал-Абад шаарынын аймагынан 360 гектар жер аянты ажыратылып берилген”, – деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, аймактагы жарандык авиацияны өнүктүрүү максатында министрлер кабинетинин төрагасынын ушул жылдын 20-ноябрында атайын тескемеси чыккан.
Облус башчысы бул ири долбоордун ишке ашуусу менен Жалал-Абад облусунун калкынын түйшүгү жеңилдеп, ички жана сырткы каттам жакшыраарын белгиледи.
Ага катар кыргыз-кытай алакаларынын өсүүсү, экономикалык байланыштарды бекемдэрин кошумчалады.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
