Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу билим берүү объектилерин курууга багытталган инвестициянын көлөмү 25 пайызга өскөн. Курулуш негизинен республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, чет өлкөлүк гранттардын жана гуманитардык жардамдардын, калктын каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын резиденттеринин кайрымдуулук жардамынын, ошондой эле чет өлкөлүк кредиттердин (96,7%) эсебинен жүргүзүлдү.
Саламаттык сактоо объектилерин курууга багытталган инвестициялардын көлөмү 6,9%га өстү. Мында каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, чет элдик гранттардан жана гуманитардык жардамдардан, ошондой эле калктын каражатынан жана резиденттердин кайрымдуулук жардамынан каржыланды.
Искусство, оюн-зоок жана эс алуу объектилерин курууга багытталган инвестициялардын көлөмү 1,8 эсеге өстү жана негизинен республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, чет өлкөлүк гранттардын жана гуманитардык жардамдардын, ошондой эле калктын каражаттарынын жана резиденттердин кайрымдуулук жардамынын эсебинен каржыланды (97,2%).
Андан тышкары, үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында жалпы аянты 985 миң чарчы метрди түзгөн 7,6 миң жеке турак жай пайдаланууга берилди, бул 2023-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу дээрлик 24%га көп.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
