Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жана КР УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте иш-чараларынын натыйжасында ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды.
Мыйзам бузуулар ташылып келген товарларга жана транспорт каражаттарына бажы контролунун жана бажы операцияларынын маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоонун алкагында катталды.
Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык тутумдун маалымат базасына ылайык, 2023-жылдын башынан тартып «К.С.К.» ЖЧКсы Кыргызстанга электр суу жылыткычтарын алып келүү менен алектенген. Ишкана тарабынан бажылык декларациялоо үчүн берилген документтерди жана маалыматтарды текшерүүнүн жүрүшүндө товарлардын бажы наркы төмөндөтүлгөнү аныкталган. Бул ишканага бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качууга мүмкүндүк берген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, туумдарды кошкондо төлөөгө тиешелүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 14 млн 734 миң 843 сомду түздү.
Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
