Кыргыз-герман кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды - ИА Караван Инфо
Кыргыз-герман кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, Берлин шаарына жасаган расмий сапарынын алкагында Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирищти. 

Тет-а-тет форматында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин, анын ичинде саясий, экономикалык жана маданий тармактарда өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле глобалдык эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчылары кыргыз-герман мамилелерин эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даярдыгын белгилешти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: