Садыр Жапаровдун Германиянын президенти менен расмий жолугушуу аземи болду - ИА Караван Инфо
Садыр Жапаровдун Германиянын президенти менен расмий жолугушуу аземи болду

Бүгүн, 26-ноябрда, Берлинде президент Садыр Жапаровдун Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Мамлекет башчынын кортежи “Белевью” президенттик сарайына келип, Ппезидент Садыр Жапаровду Федералдык Президент Франк-Вальтер Штайнмайер тосуп алды.

Салам алышуудан кийин Ардак кароолдун ротасынын командири Кыргызстандын Президентине рапорт берди. Андан соң эки өлкөнүн гимндери жаңырды, андан кийин лидерлер Ардак кароолдун алдынан басып өтүштү.

Андан ары мамлекет башчылары делегация мүчөлөрү менен учурашып, Сарайдын фойесине өтүштү. Салтанаттын алкагында Садыр Жапаров Ардактуу коноктордун китебине жазуу калтырды.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери тет-а-тет фоматында сүйлөшүү залына өтүштү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: