Кыргызстанда бүгүнкү күндө 562 км чарба аралык канал оңдолду
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрына карата 562 км чарба аралык канал оңдолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 567 гидротехникалык курулмалардын, 218 суу өлчөөчү посттордун, 115 насостук станциялардын, 216 насостук агрегаттын оңдоо, 23 насостук агрегаттын алмаштыруу жана 10 суу топтоочу курулмалардын (4 суткалык, 3 декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 3 суу сактагычтын), 104,0 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
