"Бет-Алман" романы жылдын китеби деп табылды - ИА Караван Инфо
"Бет-Алман" романы жылдын китеби деп табылды

Бүгүн, 2024-жылдын 6-декабрында, Кыргызпатентте Улуттук адабият күнүнө карата “Жылдын мыкты китеби” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземин жана “7 жаш автор” адабий конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн китебинин бет ачарын өткөрдү.

Иш-чарага конкурстун жеңүүчүлөрү, КР Улуттук жазуучулар союзунун өкүлдөрү, белгилүү акын-жазуучулар, авторлор, китеп күйөрмандары жана башка чыгармачыл инсандар катышты.

Сыйлык тапшыруу аземинде Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү белгиледи:  

“Кыргызпатенттин аракетинде бир топ долбоорлорду ишке ашырып келатканыбызды коомчулук жакшы билет. Ошонун ичинде “Жылдын мыкты китеби” долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйгожонун демилгеси менен Кыргызпатент ишке ашырып жатат. Депутат – Жогорку Кеңеште өзүнүн сунушун айтып, “авторлорго кандайдыр-бир стимул болот эле” деп көз карашын билдирди эле, анан Кыргызпатент эл өкүлүнүн сунушун четке какпай карап көрүп, мүмкүнчүлүктөрдү издеп, долбоорду ишке ашырып келатабыз. Быйыл экинчи жыл болот.

Ал эми “Жети жаш автор” боюнча өзүңүздөр билесиздер, Кыргызпатент өз аракетинде көп жылдардан бери аймактагы авторлордун китептерин 200 нускадан чыгарып берип келебиз.

Мындан сырткары дагы бир жаңы конкурс уюштуруп жатабыз, аймактардагы чыгармачыл адамдарды колдоо максатында, “40 райондон 40 китеп” деген аталышта. Буга өлкөнүн булуң-бурчунан авторлор ар кандай жанрдагы чыгармалары менен катышса болот”, – деп белгиледи Рахат Топчубаевна.  

Белгилей кетсек, Кыргызпатент жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Мамлекеттик китеп палатасы  биргелешип өткөргөн “Жылдын мыкты китеби” конкурсуна 2023-2024-жылдары 20га жакын басмаканада жарык көргөн 400дөн ашык китеп келип түшүп, анын ичинен Калыстар тобунун кароосуна проза багыты боюнча – 13 китеп, поэзия – 8, балдар адабияты боюнча – 11 китеп сунушталган.

Калыстар тобунун чечими менен “Жылдын мыкты китеби” конкурсунун жеңүүчүлөрү деп төмөнкүлөр табылды:

Ал эми “7 жаш автор” республикалык адабий конкурсу   2024-жылдын 1-февралынан 15-майына чейин жарыяланган. Сынакка катышуу үчүн 31 өтүнмө келип түшкөн.

Мында 7 автор жеңүүчү деп табылып, ар биринин автордук китеби жарык көрдү:

Калыстар тобунун курамына белгилүү адабият таануучулар, филология илимдеринин докторлору, профессорлор жана КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү – көрүнүктүү акын-жазуучулар кирген.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: