Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Орусия боюнча аткаруучу директору Алексей Можин доллар жана дүйнөлүк валюта системасы кыйроого учураса, БРИКСке мүчө өлкөлөр альтернативалуу валюта сунушташы мүмкүн экенин билдирди.

А.Можин белгилегендей, учурда көптөгөн басылмалар учурдагы акча-кредит системасынын кемчиликтерине арналган жана бул контекстте альтернативанын потенциалдуу булагы катары БРИКС көп айтылып келет. Ал БРИКС өлкөлөрү беш мүчөнүн валюталары – кытай юаны, индиялык рупий, орус рубли, бразилиялык реал жана түштүк африкалык рандын негизинде эсептик бирдик түзө алат деген оюн билдирди. Бул сунуш азыртадан эле талкууланып жатат.
Доллар жана эл аралык валюта системасы реалдуу кыйроого учураган учурда БРИКСтин эсептик бирдиги товардык ресурстар менен бекемделген толук кандуу валютага айланышы мүмкүн, деп кошумчалады А.Можин.
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Орусиянын Тышкы иштер министрлиги БРИКС алкагында санариптик валюталар менен иштөө платформасын түзүү мүмкүнчүлүгү изилденип жатканын билдирген. Бул кадамдар катышуучу-өлкөлөрдүн кызматташууга жана эл аралык валюта системасындагы мүмкүн болуучу өзгөрүүлөргө карата альтернативалык варианттарды издөөгө умтулуусун көрсөтүп турат.
