Кыргызстандын Өкмөтү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү — ИА Караван Инфо
Кыргызстандын Өкмөтү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөдөгү 50дөн ашык бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйында жакында кабыл алынган «Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр жана аларды аталган уюмдардын практикалык ишмердүүлүгүндө колдонуу маселелери талкууланды.

Э.Байсалов Кыргызстанда демократиялык институттарды жана жарандык коомдун өнүгүшүнө бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын кошкон салымын белгиледи.

«Эң негизгиси – бардык укуктар жана эркиндиктер, саясий ишмердүүлүккө ачык катышууга мүмкүнчүлүктөр сакталган. Муну мамлекет башчысы бир нече жолу баса белгилеген. Талап кылынган бир гана нерсе — катталуу жана реестрде болуу. Бул норма дүйнөдө кеңири таралган. Иш-аракеттерге эч кандай куугунтук жана чектөөлөр болбойт. Сиздердин өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн ийгиликтүү иш-аракеттериңизге кызыкдарбыз”, -деди Эдил Байсалов.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты

error: