Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ага Хан Маданият Трастынын башкы директору Луис Монреал менен жолугушту. Жолугушууда Ага Хан өнүктүрүү тармагынын (АКДН) Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн натыйжасында коомго алып келген оң өзгөрүүлөр талкууланды. Бул өзгөртүүлөр билим берүү, саламаттыкты сактоо, микрофинансылоо, чакан бизнести өнүктүрүү, инфраструктура, туризм, банк иши жана маданиятты өнүктүрүү сыяктуу түрдүү тармактарга таасирин тийгизди.

Кыргызстандан эле эмес, Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн жана Ооганстандан келген жаштарга сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп берген Борбордук Азия университетинин ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Ага Хан Маданият Трастынын башкы директору Луи Монреал уюм республика үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну бекемдөөгө даяр экендигин баса белгиледи. Жолугушууда билим берүү тармагын реформалоо, маданий мурастарды сактоо жана Мукаш Абдраев атындагы Республикалык орто адистештирилген музыкалык мектеп-интернатында билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу долбоорлорунда биргелешкен кызматташуу маселелери талкууланды.
Жыйындын катышуучуларына аталган мектепти реконструкциялоо боюнча презентация берилди. Кыргызстан менен Ага Хан Трастынын ортосундагы өз ара аракеттенүү өлкөнүн көптөгөн тармактарынын өнүгүшүнө салым кошууну улантууда.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты