Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд Аравия Королдугунун борбору Эр-Рияд шаарына иш сапары менен барып, анда Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдуррахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн саясий диалогун активдештирүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын алдыдагы жыйынынын күн тартиби, Бишкек менен Жидда ортосунда ачылган аба каттамдары, ошондой эле Acwa Power компаниясынын президенти Мухаммад Абдулла Абунаян менен сүйлөшүүлөр каралды.
Жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча пикир алышты. Адылбек Касымалиев Acwa Power компаниясы менен кызматташууга кызыкдар экенин баса белгилеп, Кыргызстандын энергетика жана суу ресурстары тармагындагы артыкчылыктарына токтолду. Өз кезегинде компаниянын президенти Борбор Азия аймагына, өзгөчө энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорго инвестиция салууга даяр экенин билдирди.
Ошондой эле компаниянын Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбооруна катышуусу жана ГЭСтин курулушуна финансылык ресурстарды тартуу максатында Венада өтө турган Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга чакыруусу талкууланды.
Сапардын жыйынтыгында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад Сулайман Аль-Жасирдин Кыргызстанга биринчи сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты