Владимир Путин православ дүйнөсүн Ыйык Пасха майрамы менен куттуктады
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин орусиялыктарды жана башка өлкөлөрдөн келген бардык православ христиандарын Пасха майрамы менен куттуктады. Кремлдин расмий сайтында жарыяланган кайрылуусунда мамлекет башчысы Орус православ чиркөөсүнүн (РПЦ) жана башка христиан конфессияларынын маанилүү жана жемиштүү ишмердүүлүгүн баса белгиледи.

«Руханий пастырлар ар дайым эл менен бирге. Ал эми бүгүнкү күндө олуттуу чакырыктарга туш болгон христиандык диний уюмдар колдоого жана көңүл бурууга муктаж болгондорго эффективдүү, жан аябас жардам көрсөтүүдө», — деди президент.
Сүрөт: http://kremlin.ru/events/president/news/73972
