Владимир Путин патриарх Кириллге кызматы үчүн ыраазычылык билдирди — ИА Караван Инфо
Владимир Путин патриарх Кириллге кызматы үчүн ыраазычылык билдирди

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Москва жана Бүткүл Рус Патриархы Кириллди Пасха майрамы менен куттуктап, анын Ата Мекенге кылган кызматы үчүн ыраазычылык билдирди. Билдирүү Кремлдин сайтында жарыяланды.

«Сиздин талыкпаган аскеттик кызматыңыз, православие дининин көөнөрбөс баалуулуктарын, элибиздин бай тарыхый, маданий, руханий салттарын сактоого жана өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоого кошкон зор жеке салымыңыз үчүн терең ыраазычылык билдирем», — деп Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда билдирди.

Сүрөт: https://patriarch.patriarchia.ru

error: