Министрлер кабинетинин кызматкеринин кейпин кийген алдамчы чет өлкөдө окуйм деп акча алган - ИА Караван Инфо
Министрлер кабинетинин кызматкеринин кейпин кийген алдамчы чет өлкөдө окуйм деп акча алган

2024-жылдын май айында Ош облусунун аймагында белгисиз жаран өзүн Өкмөттүн Аппаратынын өкүлү катары тааныштырып, чет өлкөдө окууга көмөк көрсөтүү шылтоосу менен жарандардын акча каражатын алдап алган.

Ноокат районунун бир катар тургундары, ишкерлер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери чет өлкөдөн окуп билим алып, квалификациясын жогорулатуу сунушуна ишенишкен. 

Алдамчы 2024-жылдын май айында жергиликтүү тургундарынын ишеничине кирип, Германияга окууга баруу үчүн документтерди тариздөө үчүн деп бир жарандан 80 миң сом, экинчи жарандан 60 миң сом, үчүнчү жарандан 63 миң сом акча каражатын жана чет элдик паспортторун алдап алып кеткен.

Жабырлануучулар бир нече ай күтүп, алданып калганын түшүнүшүп, милицияга кайрылышкан.

Аталган факты боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» менен кылмыш иши козголгон.

Иштин алкагында, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иш аракеттери жүргүзүлүп, жыйынтыгында шектүү катары мурда 13 жолу сот жообуна тартылган, 1984-жылы туулган Б.А аттуу жаран экендиги аныкталып, ага карата издөө жарыяланган. Ал өзүн Президенттик Аппаратынын өкүлү катары тааныштырып жарандарды алдап жүргөнү аныкталган.

2024-жылдын 19-декабрда издөөдө жүргөн шектүү Б.А. аттуу жаран Бишкек шаарынан кармалып, тергөө кызматына тапшырылып, соттун чечими менен баш коргоо чарасы камакка алынган.

Учурда тергөө иштерин Ноокат райондук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп, ушул сыяктуу башка алдамчылык иштерге катыштыгы такталууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: