Айбек Молдогазиев менен Кытайдын элчиси эки тараптуу кызматташты чыңдоо маселелерин талкуулашты - ИА Караван Инфо
Айбек Молдогазиев менен Кытайдын элчиси эки тараптуу кызматташты чыңдоо маселелерин талкуулашты

КР ТИМден билдиришкендей, анда эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттешүүнүн күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланып, саясий диалогду бекемдөөнүн, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Молдогазиев кытай тарапты Шанхай кызматташтык уюмунда (ШКУ) төрагалык кылуунун кабыл алынышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы ШКУнун алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү маселелери боюнча бирдей түшүнүккө ээ экендигин белгиледи жана ийгиликтүү төрагалык каалады.

Элчи Ду Дэвень өз кезегинде Кытайдын ШКУда 2024-2025-жылдары төрагалыгынын алкагындагы артыкчылыктар жана иш-чаралар жөнүндө маалымат берип, кыргыз тарапты аларга активдүү катышууну чакырды.

Тараптар ошондой эле алдыдагы өз ара жогорку деңгээлдеги сапарларды жана иш-чараларды иштеп чыгуунун жүрүшүн талкуулашты.

error: