Академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаңы аппараттар берилди — ИА Караван Инфо
Академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаңы аппараттар берилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк-кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн заманбап жабдууларды тапшырды. Тактап айтканда, борборго 1,5 миллион долларга жакын жаңы премиум класстагы «Azurion 7» ангиографиялык аппараттары берилди. Демөөрчүсү Дүйнөлүк банк болгон.

Жакынкы арада Кыргыз Республикасына жүрөк-кан тамыр системасынын өмүргө коркунуч туудурган оор ооруларына уникалдуу эндоваскулярдык интервенцияларды жүргүзүү үчүн Россия Федерациясынан, Кытайдан жана Казакстан Республикасынан алдыңкы дарыгерлердин келиши күтүлүүдө.

«Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан сиздерди жаңы техникалык жабдууларынар менен куттуктайм. Мамлекет мындан ары да кардиологиялык кызматтын өнүгүшүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүп, көмөк көрсөтөт. Кыргызстандын калкынын саламаттыгы биздин байлыгыбыз», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

error: