Бишкекте 1 миллиард доллардан ашык суммага келишимдерге кол коюлду

Ушул жуманын башында Бишкекте эки өлкөнүн ишкерлеринин “Кыргызстан-Кытай (СУАР)” форуму болуп өттү.

Жогорку даражалуу аткаминерлер ишкерлердин иштөөсүнө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгүн талкуулашып, ошондой эле Кыргызстанда да, Кытайда да бизнести колдоо зарылдыгын  баса белгилешти.

Форумга жалпысынан 50гө жакын кыргызстандык жана Кытайдан 50дөн ашык ири компаниялар катышты. Чет элдик бизнес өкүлдөрү Кыргызстан менен Кытайдын биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бизнес-форумдун жыйынтыгында жалпы суммасы 1 миллиард доллардан ашык 7 документке кол коюлду. Макулдашуулар негизинен энергетика жана тоо-кен тармагында түзүлдү.