Blog - ИА Караван Инфо

Blog

Шашылыш билдирүү! Нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү күтүлөт

Синоптиктер аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Үстүбүздөгү жылдын 9-10-сентябрь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.Эске алыңызСел коопсуздук эрежелерин сактаңыз!

Эсенгул уулу Чыңгыз маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Эсенгул уулу Чыңгыз мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Жогорку Кеңештин төрагасы Токмокко иш сапары менен барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн Чүй облусунун Токмок шаарына иш сапары менен барды.Пармламенттен билдиришкендей, алгач төрага А.С.Пушкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын абалы менен таанышты. Алсак, аталган мектеп-гимназия Токмок шаарында курулган алгачкы окуу имараттарынын бири болуп эсептелет. Тагыраагы, билим берүү мекемеси негизги имараты 1953-жылы ишке киргизилген. 850 окуучуга ылайыкташканы менен учурда...

КР ТИМ башчысынын орун басары  Австралия элчисинин ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды

Бүгүн КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Австралия Бирлигинин Кыргызстандагы элчиси Джон Гирингдин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Айбек Молдогазиев элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө ийгиликтерди каалады.Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап,...

Эмгек министрлиги: 9166 адам үйүндө кызмат алат

Бүгүнкү күндө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык, райондук, райондор аралык башкармалыктарында 945 социалдык кызматкер иштейт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Алар 9166 адамды үй шартында тейлешет, алардын ичинен:Ар бир социалдык кызматкер Аймактык башкармалыктын жетекчиси бекитүүчү анын жеке график боюнча жумасына эки жолудан кем эмес кызмат алуучуга...

Бишкек жылуулук электр борборунда ишембилик өткөрүлдү

Бишкек жылуулук электр борборунда келе жаткан 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине кызуу даярдык көрүлүүдө, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.Ошентип, Бишкек жылуулук электр борборунда жүрүп жаткан масштабдуу оңдоо иштери менен катар ишембилик өткөрүлдү. Бишкек шаарынын мэринин орун басары Талайбек Байгазиев, ишкананын директору Нургазы Курманбеков баштаган жүздөн ашык кызматкер үстүбүздөгү жылдын февраль айында...

Аялдардын лидерлигин колдоо: Мамкызмат агенттиги жана Эмгек министрлигинин кызматкерлери кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатышты

Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.БУУнун Аялдар түзүмүнүн улуттук кеңешчиси Жаңыл Алыбаева маалымдагандай, президент Садыр Жапаров тарабынан бекитилген Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программанын максаттары — аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушуна активдүү катышуусу үчүн бирдей шарттарды түзүү, ошондой эле негизги чечимдерди кабыл алууда алардын ролун жогорулатуу болуп саналат. "Мамлекеттик жана муниципалдык...

Кыргызстанда жаш геологдордун мектеби өттү

Жаш геологдордун жайкы талаа мектеби патриоттуулукка, туулган жерди сүйүүгө, Кыргызстандын жаратылышына, кен байлыктарына аяр мамиле жасоого тарбиялоо максатында өттү.  Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.Жаш геологдордун мектебинин башкы максаты - өсүп келе жаткан муундардын кен казуучу кесиптерге болгон кызыгуусун арттыруу болгон. Талаа мектебинин жүрүшүндө катышуучулар минералдарды жана тоо тектерин...

Соцфонддун башчысы: Майыптыгы бар балдардын ата-энелерине жеңилдиктерди берүүгө даярбыз

Үстүбүздөгү жылдан тарта Мамлекеттик салык кызматы өзгөчө баланы багуу сыяктуу иш-аракеттерге патентти жокко чыгарды, бирок камсыздандыруу полиси сакталып калды.Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинен төлөм алып, жеке ассистенттердин ар бири Социалдык фондго 1 123 сомдон которот. "Караван-Инфо" редакциясы Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевге кайрылып, ата-энелерди ашыкча түйшүктөн арылтып, аталган каражатты ведомстволор ортосунда – Эмгек...

Александр Масляков каза болду

КВН ресурстары Александр Масляков 82 жашында каза болгонун маалымдашты."Теӊ өкүнүч менен Александр Васильевич Масляков 2024-жылдын 8-сентябрында каза болгондугун билдиребиз", — деп айтылат расмий маалыматта.

Ош шаардык клиникалык ооруканасына 5 миллион долларлык медициналык жабдуулар берилет

Оорукананын директору Шаят Абдурахманов министрге курулуш иштери 90%га бүтүп, сентябрь айынын аягына чейин толугу менен бүтөрүн билдирди.Бул бөлүмдүн курулушуна жергиликтүү бюджеттен 53 млн сом бөлүнгөн. Белгилей кетсек, Кытай грантынын алкагында ОШКО 5 млн долларлык 14 аталыштагы медициналык жабдууларды алат. Ал эми кыргыз тарап консультациялык-диагностикалык бөлүм үчүн өзүнчө имарат куруп бериши...

Опера театрын Муратбек Бегалиев жетектеген

Бегалиев Муратбек Акимович “А..Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры” мамлекеттик мекемесинин башкы директору болуп дайындалды.Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.