КР ТИМ башчысынын орун басары  Австралия элчисинин ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды - ИА Караван Инфо
КР ТИМ башчысынын орун басары  Австралия элчисинин ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды

Бүгүн КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Австралия Бирлигинин Кыргызстандагы элчиси Джон Гирингдин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Айбек Молдогазиев элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө ийгиликтерди каалады.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, саясий диалогду бекемдөөнүн, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну мындан ары бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даярдыгын ырасташты.

error: