Blog - ИА Караван Инфо

Blog

“Кыргыз автобекети”: Эл аралык жана ички каттамдар үзгүлтүксүз аткарылууда

Эл аралык багыттарда каттаган бул автобустар белгиленген графикке ы лайык жөнөтүлөт. Ал эми ички каттамдарга Батыш автобекетинен күнүнө 60тай рейс кылынат.  Эске салсак, эл аралык жана ички каттамдарга билеттерди автобекеттин кассасынан же Beket.kg сайты аркылуу аралыктан алса болот.Онлайн кызмат көрсөтүү калкка жеткиликтүү түрдө иштелип чыгып, сатып алынган билетти кайтаруу мүмкүнчүлүгү...

Көк-Жар кичи районунда көп функционалдуу балдар аянтчасы ачылды

Анын жалпы аянты 2300 чарчы метрди түзөт.Эс алуу зонасы Көк-Жар кичи районундагы №3 жана  №18 турак үйлөрдүн жанында жайгашкан.
«Жаңы аянтчада футбол жана баскетбол аянтчалары, балдар аянтчасы, машыгуу аянтчасы жана шахмат столу бар. Ошондой эле аймактын периметри боюнча сугат системасы жана жарыктандыруу орнотулган. Бардык аймак брусчатка менен төшөлгөн», - деп билдиришти...

Айбек Молдогазиев менен Кытайдын элчиси эки тараптуу кызматташты чыңдоо маселелерин талкуулашты

КР ТИМден билдиришкендей, анда эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттешүүнүн күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланып, саясий диалогду бекемдөөнүн, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.Молдогазиев кытай тарапты Шанхай кызматташтык уюмунда (ШКУ) төрагалык кылуунун кабыл алынышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы ШКУнун алкагында көп тараптуу өз ара...

Жолду капиталдык оңдоо: Горький көчөсү менен Панфилов көчөсүнүн кесилиши жабылат

Бишкекте бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо боюнча жумуштар уланууда, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.  Бүгүн, 6-сентябрда, саат 20:00дөн тарта Горький көчөсү менен Панфилов көчөсүнүн кесилиши жабылат. Белгилей кетсек, М. Горький көчөсүндө, Ч.Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин жана К. Тыныстанов көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин бир катмар  асфальтбетон төшөө...

Бишкектеги №111 жана №112 бала бакчаларынын жанында жаңы жол пайда болду

Бишкектин 9-кичи районунда иштеп жаткан  жолчулар  №111 жана №112  бала бакчанын ички жолдорун  капитиалдык оңдоодон өткөрүштү. Капиталдык оңдоо "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы тарабынан жүргүзүлүп, окуу жылы башталганга чейин бүткөрүлдү. Жумушчулар эски асфальтын сыйрып, бордюрларды жана ирригация системасын орнотуп, жаңы асфальт төшөштү. Ошондой эле Октябрь районунун аймагында, тагыраагы кичи райондордо жолдорду жана...

Эмгек министрлиги майыптарды реабилитациялоо борбору кандай кызматтарды көрсөтүп жатканын айтты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майыптарды реабилитациялоо борбору кандай кызмат көрсөтүп жатканын айтып берди.Бул борбор реабилитациялык кызматтардын төмөнкү комплексин акысыз берет:* медициналык реабилитация: физиотерапия, көнүгүү терапиясы (ПФК), парафин терапиясы, массаж, стоматологиялык (дарылоо жана тиш протездөө));* медициналык-техникалык: протездөөгө даярдоо жана протездик буюмга адаптациялоо;* психологиялык;* социалдык-эмгектик: тигүүчү машиналарында тигүүчүлүккө, мончок токууну,...

Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасына Түркия президентинин ысымы берилди

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын кыргыз-түрк мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымын таануу иретинде анын ысымы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасына ыйгарылды.Бүгүнкү күндө дарылоо мекемеси коммерциялык эмес уюм болуп саналат, анын ишмердүүлүгү дарылоо-диагностикалык иштин сапатын жакшыртууга жана жарандардын саламаттыгын коргоого багытталган.Достук ооруканасы ачылгандан...

Президент Садыр Жапаров ТМУнун ички иштер министрлерин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-сентябрда, Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) ички иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Уюмдун ички иштер министрлерин кабыл алды.Мамлекет башчысы коноктор менен учурашып жатып, түрк өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жыйыны биринчи жолу Кыргызстанда өтүп жатканы биз үчүн чоң сыймык экенин баса белгиледи.“Бүгүнкү маанилүү иш-чара “күч...

Акылбек Жапаров: Акыркы үч жылда “Манас” эл аралык аэропорту чоң ийгиликтерге жетишти

Акыркы үч жылда “Манас” эл аралык аэропорту болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасыАкылбек Жапаров “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун “Асман аба жолдору” авиакомпаниясы үчүн сатылып алынган Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү биринчи самолеттун келишине байланыштуу салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө билдирди. Минкаб төрагасы белгилегендей, 2019-жылы компаниянын таза кирешеси 2...

“Манас” аэропорту үчүн сатылып алынган биринчи учак Кыргызстанга келди

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун “Асман аба жолдору” авиакомпаниясы үчүн сатылып алынган Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү биринчи самолет Кыргызстанга келди. Салтанаттуу аземге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.Минкаб төрагасы жаңы самолеттор менен вертолеттордун алынышы, министрликтер менен ведомстволордо унаалардын жаңыланышы өлкө экономикасынын өсүү процессинен кабар берээрин белгиледи.Маселен, Финансы министрлигинин 100...

Акылбек Жапаров: Кыргызстан Ооганстан менен соода-экономикалык мамилелерди, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Ооганстандын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Аминдин жолугушуусу болуп өттү.Анда тараптар Кыргыз Республикасы менен Ооганстандын ортосундагы мындан аркы эки тараптуу кызматташуунун ар кандай багыттарын талкуулап, пикир алышты.Акылбек Жапаров Кыргызстан Ооганстан менен соода-экономикалык мамилелерди, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө, Ооганстандагы кен байлыктарды биргелешип иштетүүгө, энергетика, өнөр жай...

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Кытайдын элчисин кабыл алды. Эмнени талкуулашты?

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.Минкаб башчысы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Бедел» жаңы өткөрүү пункту ийгиликтүү ачылганын белгиледи. «Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы өткөрүү пунктунун тарыхый ачылышы менен биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы тарыхтын жаңы барагын ачып жатабыз деп ишенем.  Өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин...