Борбор калаада үй тибиндеги бала бакчалар ачылды - ИА Караван Инфо
Борбор калаада үй тибиндеги бала бакчалар ачылды

Белгилей кетсек, бул программа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун негизинде » Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Бала бакчаларда балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн, ал эми алардын ачылышы шаардыктарды жаңы жумуш орундары менен камсыз кылды.

Бишкек шаарынын мэриясы ар бир каалоочу белгиленген тартипте үй тибиндеги бала бакчаларды ача алат деп билдирет.