Россия Федерациясынын Терроризмге каршы улуттук комитети билдиргендей, 23-июнда Дербент жана Махачкала шаарларында Ыйык Үчилтиктин православдык майрамын белгилөө учурунда эки православдык чиркөөгө, бир синагогага куралдуу кол салуулар катталган жана жол полициясынын посту да атылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул теракттардын натыйжасында Орус православ чиркөөсүнүн дин кызматчысы жана полиция кызматкерлери каза болгон.
Орусиянын Дагестан боюнча Кылмыш иликтөө башкармалыгы буга чейин «теракт» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. «Дагестанда 15тен ашык полиция кызматкери согушкерлердин кол салууларынан курман болушту», — деди республиканын башчысы Сергей Меликов. Акыркы маалыматтарга караганда, үч жай тургун жараат алды. Бул террордук чабуулдар биринчи кезекте аймактагы улуттар аралык жана диний кастыкты козутууга багытталган.
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бир катар террордук чабуулдардын курмандыктарына көңүл айтып, бул резонанстуу кылмыштарды иликтөөгө көмөктөшүүнү сунуштады.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өз кезегинде Россиянын президенти Владимир Путинге Дербент жана Махачкала шаарларындагы терактка байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.
Сүрөт: Окуянын күбөлөрүнүн видео тасмасынан