Өткөн жумада Евразия экономикалык комиссиясы менен Мьянма өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун биринчи жыйыны Нейпьидо шаарында өттү.
Жыйынга Евразиялык экономикалык комиссиянын интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев жана Мьянманын инвестиция жана тышкы экономикалык байланыштар министри Кан Зо катышты.

«Негизги багыт Мьянма менен соода-экономикалык кызматташуу системасына толук кошула элек бардык ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыноктору менен иштөө болушу керек. Биз биргелешкен ишибизге ишкер чөйрөлөрдү дагы жигердүү тартуубуз керек жана тоскоолдуктарды жоюу үчүн иштешибиз керек”, — деп белгиледи Сергей Глазьев.
Өз кезегинде Кан Зо ЕАЭБ өлкөлөрү менен Мьянманын ортосунда тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, 2023-жылдын июнь айында кол коюлган Кызматташтык жөнүндө меморандумду ишке ашырууга туура баа берди.
«Биз бизнес байланыштар аркылуу соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртабыз деп ишенем. Мьянма географиялык жактан ыңгайлуу позицияга ээ — ал Индия жана Кытай сыяктуу экономикалык жактан күчтүү өлкөлөр менен кошуна. Өлкө Түштүк-Чыгыш Азия менен Евразия рыногун бириктирүүчү көпүрө катары жайгашкан. Ошондой эле биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкерлерин бул артыкчылыктан пайдаланууну сунуштайбыз», — деди Кан Зо.