Энергетика тармагындагы орус-кыргыз кызматташтыгын активдештирүү

КР Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 29-мартта КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен анын россиялык кесиптеши Николай Шульгинов «Чалдовар» жылуулук электростанциясынын курулуш долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Документке ылайык, кыргыз жана россиялык жооптуу ведомстволор Чалдовар ЖЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча биргелешип иш алып барууда, ошондой эле Кыргызстандын аймагында генерациялоочу кубаттуулуктарды модернизациялоо жана куруу жаатында башка келечектүү долбоорлорду иштеп чыгууну улантууда. Ошентип, эки өлкөнүн энергетика тармагында өз ара аракеттенүүсүнүн активдешүүсү байкалууда.

 2023-жылы Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда атомдук энергетиканы медицина тармагында колдонуу боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар келишимдерге кол коюлган.

Ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жана ЕӨБнын колдоосу менен 2023-жылы Талас районундагы Бала-Саруу электр станциясын жана Кыргызстандын Нарын облусундагы Куланак ГЭСин куруу чечими кабыл алынган. Бул долбоорлор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого чоң салымын кошот.