Кара-Балта шаарында 2-ноябрда жаңыланган «Манас» спорт комплексинин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышты.
Спорт комплекс Кара-Балта шаарынын атынан чыккан «Кыргызалтын» клубунун окуу-машыгуу базасы болуп саналат.
Жаңыланган спорт комплекс 4,92 гектар аянтты ээлеп, кошумча төмөнкүлөрдү камтыйт:
Негизги оюн талаасы гибриддик газондуу, 2150 орундуу көрүүчүлөр трибунасы жана VIP-трибуна менен жабдылган. Жаңы жарык берүүчү шам чырактар футболук беттештерди жана иш-чараларды кечки убакытта өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Комплекстин коноктору жана кызматкерлери үчүн 100 орундуу унаа токтотуучу жай каралган.
Реконструкция үчүн Кара-Балта мэриясынын бюджетинен 136,3 миллион сом, ЖАК «Кыргызалтын» тарабынан 47 миллион сом, Кыргыз футбол биримдигинен 33 миллион сом каражат бөлүндү.
Источник: сайт https://caravan-info.kg/
