Казакстан менен Индия терроризмге каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты

Өткөн жумада Астанада Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Талгат Калиевдин төрагалыгы алдында терроризмге каршы күрөшүү боюнча казак-индиялык биргелешкен жумушчу топтун 5-жыйыны болуп өттү.

Жолугушууларда аймактык жана глобалдык коркунучтар, ошондой эле терроризмге, экстремизмге жана радикалдашууга каршы күрөшүүдөгү учурдагы чакырыктар, анын ичинде баңги заттардын жайылышынан жана жаңы технологияларды колдонуудан келип чыккан коркунучтар талкууланды.