Казак окумуштуусу өндүрүш калдыктарынан уникалдуу жер семирткич жаратты - ИА Караван Инфо
Казак окумуштуусу өндүрүш калдыктарынан уникалдуу жер семирткич жаратты

Казак жаш окумуштуусу Бахыт Смаилов жер кыртышынын асылдуулугун жана түшүмдүүлүгүн бир топ жогорулата турган инновациялык жер семирткич ойлоп тапты. Анын өндүрүш калдыктарынан гуматы бар жер семирткичтерди түзүүгө багытталган долбоору адистер тарабынан жогору бааланып, мамлекет тарабынан колдоого алынган.

Окумуштуу жүргүзгөн изилдөөлөр Ленгер көмүр кенинин калдыктарынан алынган гумин кислоталары кыртыштын структурасын жакшыртууга жана анын асылдуулугун жогорулатууга жардам берген уникалдуу касиеттерге ээ экендигин көрсөттү. Бул кислоталардын негизинде жаралган жер семирткич буга чейин Түштүк Казакстандын талааларында ийгиликтүү сыноодон өтүп, жогорку эффективдүүлүктү көрсөткөн.

Долбоор патенттелген, жакынкы аралыкта жаңы жер семирткичти өнөр жайлык өндүрүшүн ишке киргизүү пландалууда.

Сүрөт: freepik.com

error: