Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орус жетекчилиги АКШда 5-ноябрда боло турган президенттик шайлоонун жыйынтыгына маани бербей турганын билдирди. Америкалык Newsweek журналына берген маегинде ал Россия менен тирешүүгө байланыштуу АКШнын эки негизги саясий партиясынын ортосунда «эки тараптуу консенсус» бар экенин белгиледи.

«Жалпысынан алганда, АКШда Орусия менен тирешүү боюнча эки тараптуу консенсус пайда болгонун эске алганда, бул шайлоонун кандай аяктаары бизди кызыктырбайт», — деп баса белгиледи Лавров. Ал ошондой эле Америкадагы саясий кырдаал өзгөрүп, Москваны кызыктырган сунуштар түшсө, Орусия аларды кароого даяр экенин кошумчалады.
Лавров шайлоонун жыйынтыгы кандай болбосун, Москва “өз кызыкчылыгын, өзгөчө улуттук коопсуздук маселесинде чечкиндүү түрдө коргой турганын” баса белгиледи. Министр АКШнын жаңы президенти «Америка жээгинен он миңдеген чакырым алыстыкта укмуштуу окуяларды» издебестен, ички көйгөйлөрдү чечүүгө көңүл бурат деген үмүтүн билдирди.
Вице-президент Камала Харрис быйылкы шайлоодо Демократиялык партиянын атынан чыкса, мурдагы президент Дональд Трамп Республикачылардын талапкерлиги үчүн ат салышат.
Сүрөт: БЕЛТА
