17-ноябрга белгиленген шайлоочулардын тизмесинде 4,1 миллион адам бар - ИА Караван Инфо
17-ноябрга белгиленген шайлоочулардын тизмесинде 4,1 миллион адам бар

Шайлоочулардын биротоло тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын мамлекеттик “Тизме” порталында жайгаштырылды – https://tizme.gov.kg/.

Шайлоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясы СӨМ менен (калкты катоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) КБМРиндеги маалыматтардын тактыгын камсыздоо максатында өз ара аракеттешип, шайлоочулардын тизмесин актуалдаштырууну күн сайын жүргүзөт.

Биротоло тизмедеги шайлоочулардын саны 4 135 036, анын ичинен 2 000 525 эркектер жана 2 134 511  аялдар же 48,38% жана 51,62%  .

Шайлоочулардын биротоло тизмелери 2024-жылдын 14-ноябрына чейин 2437 шайлоо участокторунда илинет.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: