2023-жылы Кыргызстанда 2,5 миллиондон ашык жардыргыч зат колдонулган - ИА Караван Инфо
2023-жылы Кыргызстанда 2,5 миллиондон ашык жардыргыч зат колдонулган

Бүгүн, 12-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «Биоэтанол жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылуусу жөнүндө» аталган комитеттин 2023-жылдын 10-октябрындагы чечиминин аткарылышы тууралуу маалымат угулду.

Жыйында баяндама жасаган Министрлер кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмаз Токтогулов жогоруда аталган чечимге ылайык берилген тапшырмалардын аткарылышына, биоэтанолду өндүрүүгө даярдык көрүү чараларына токтолду.

Жыйынтыгында комитеттин 7 пункттан турган сунуштарынын бир гана пункту аткарылып, 6 пункт толук кандуу аткарылбагандыгын эске алып, комитеттин чечимин аткаруу боюнча министрликтин жана агенттиктин ишмердиги жетишсиз деп табылды.

Андан тышкары, жыйында «Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана сырттан ташып келинген өнөр-жай багытындагы жардыргыч материалдардын колдонулушу жана анын техникалык талаптарга дал келүүсү жөнүндө» маселе каралды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Нарынбек Сатыбалдиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын аймагында 2023-жылы 40 миӊ тоннадан ашык жардыргыч заттары сарпталып, 2,5 миллион даанадан ашык жардырууну жандандыруу каражаттары колдонулган.

Талкуу маалында депутат Кундузбек Сулайманов жардыргыч материалдарды жүгүртүүнүн тартибине кызыкса, депутат Алишер Козуев жардыргыч материалдар менен иштеген ишканалардын санына кызыкты. Буга баяндамачы бул багытта жалпысынан 90го жакын компания бар экенин маалымдады. 

Депутат Мирлан Самыйкожо жардыргыч материалдарды ташуу жана пайдалануу коопсуздугун камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдардын ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө байланыштуу маселелерди көтөрдү.

Ѳз кезегинде комитет төрагасы Азизбек Турсунбаев жардыргыч материалдардын 70% сырттан ташылып келерин белгилеп, жергиликтүү өндүрүштү күчөтүүнү сунуштады.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: