2034-жылкы Дүйнө чемпионатын Сауд Аравиясы кабыл алат
11-декабрда Цюрих шаарында орун алган Эл аралык футбол федерациясынынын Конгресси алкагында ФИФА президенти Джанни Инфантино 2034-жылкы Дүйнө чемпионатын кабыл ала турган өлкөнү жарыялады. Аталган дүйнө биринчилиги Сауд Арабияда орун алат.
Ал эми, буга чейин белгилүү болуп келген 2030-Дүйнө чемпионатынын кожоюндары дагы расмий жарыяланды. Аны Марокко, Португалии, Испания, Уругвай, Парагвай жана Аргентина кабыл алат.
Белгилесек, эң жакынкы 2026-жылкы Дүйнө биринчилиги Канада, Мексика жана АКШда өтөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
