КР Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча ѳлкѳнүн шайлоо комиссияларына 9 538 арыз түшкөнүн билдирди.
Улгайган курагына байланыштуу шайлоо участкаларына келе албаган шайлоочулардан – 3 746 арыз, майыптыгы боюнча – 1979 арыз, оорусуна байланыштуу – 3145 арыз жана 668 арыз айрым категориялардын өкүлдөрүнөн, б.а. үзгүлтүксүз иштөө (вахта жумуштарында) цикли бар ишканаларда, стационардык дарылоо-профилактикалык мекемелерде, шектүү жана айыпкер катары камакта кармоо жайларында турган жарандардан, ошондой эле аскер кызматчыларынан жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнѳн, аскер бөлүктөрүндө жашаган башка адамдардан, мѳѳнѳттүү аскер кызматчыларынан келип түшкѳн.
2437 участкалык шайлоо комиссияларынын ичинен 1129 комиссия орун-жайдан тышкары добуш берүүнү уюштурууга тийиш.
Аймак
Участкалык шайлоо комиссияларынын жалпы саны
Арыз келип түшкѳн участкалык шайлоо комиссияларынын саны
Орун-жайдан тышкары добуш берүүгѳ арыздардын саны
Бишкек ш.
268
179
1907
Ош ш.
102
69
982
Баткен облусу
219
89
664
Ош облусу
492
217
1522
Чуй облусу
369
136
1225
Нарын облусу
169
110
664
Жалал-Абад облусу
452
190
1878
Талас облусу
117
53
324
Ысык-Кѳл облусу
249
86
372
Баары:
2437
1129
9538
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
