Абдикарим Алимбаев УКМК Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды - ИА Караван Инфо
Абдикарим Алимбаев УКМК Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды

Абдикарим Алимбаев КР УКМК төрагасынын биринчи орун басары – КР УКМК Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

“Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Алимбаев Абдикарим Карбекович КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: