Адылбек Касымалиев Азербайжандын элчилигине барып көңүл айтуу китебине жазуу калтырды - ИА Караван Инфо
Адылбек Касымалиев Азербайжандын элчилигине барып көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Азербайжадын Кыргызстандагы элчилигине барып, Азербайжандын жүргүнчүлөрдү ташыган учагынын кыйрашынан улам келип чыккан адам курмандыктарына байланыштуу ачылган көңүл айтуу китебине, Азербайжандын кайгысын чын жүрөктөн тең бөлүшүү жана көңүл айтуу сөздөрүн калтырды.  
 
“Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Азербайжандын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жабыркагандардын бардыгына тезирээк сакайып кетишин каалайм”, – деп жазды ал.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: