Адылбек Касымалиев Казакстандын элчисин анын миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды - ИА Караван Инфо
Адылбек Касымалиев Казакстандын элчисин анын миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Бишкек, 2026-жылдын 18-июлу – Karavan Info маалымат агенттиги. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаевди өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак мамилелеринин азыркы абалы жана андан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык активдүү өнүгүп жатканын, транспорт, суу-энергетика, маданий-гуманитардык иштер жана башка тармактардагы байланыштар бекемделип жатканын белгилешти.

Элчи Рапил Жошыбаев премьер-министрге Бишкектеги дипломатиялык кызматында көрсөткөн ар тараптуу жардамы жана колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Адылбек Касымалиев дипломатка кесиптик ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Тараптар кыргыз-казак мамилелеринин мындан ары ырааттуу өнүгүшүнө жана өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда кызматташуунун бекемделишине ишеним билдиришти.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети